Сауд Арабия падышасынын сөөгү жерге берилди

22-январда 91 жашында каза болгон Сауд Арабиянын падышасы Абдулла бин Абдель Азиз аль-Сауддун сөөгү 23-январда жерге берилди. Коштошуу зыйнаты Эр-Рияд шаарындагы мечиттердин биринде өтүп, падышанын сөөгү өлкө калаасындагы Аль-Ауд күмбөзүнө коюлду. Аны акыркы сапарга узатуу иш-чарасына бир катар мусулман мамлекеттердин башчылары, АКШ делегациясы жана миңдеген жергиликтүү тургундар катышышты. 

Маалыматка таянсак, падыша Абдулла менен расмий коштошуу зыйнаты 24-январда өтмөкчү. Ага Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев да катышары күтүлүүдө.

2005-жылы бийликке келген Абдулла акыркы айларда өпкөнүн сезгенүү илдетине чалдыгып, ооруканада дарыланып келген. Ага бир нече жолу операцияны жасалганы маалымдалды. 

23-январда анын 79 жаштагы иниси, такка отурган жаңы падыша Салман ибн Абдул-Азиз аль-Сауд ант берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан