Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 23-январда Сауд Арабиянын Бишкектеги элчисинин резиденциясына барып, Сауд Арабиянын падышасы Абдулла бин Абдель Азиз аль-Сауддун каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Муну аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Резиденцияга барган учурунда министр Абдылдаев көңүл айтуу китепчесине кол жазмасын калтырды. Анда араб элине жана падышанын үй-бүлөсүнө кайрат айтылат. Мындан тышкары маркум падышанын Сауд Арабиянын гүлдөп-өнүгүшүнө кошкон салымы белгиленди.