Кыргызстанда учурда мектептердин 40 пайызы электр энергиясы менен жылытылууда. Муну бүгүн, 24-январда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, акыркы текшерүүдө электр энергиясы менен мектептерди жылытууда көйгөйлөр болуп жатканы аныкталды. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги Энергетика жана өнөр жай министрлигине аталган көйгөйдү чечүү өтүнүчү менен кайрылды. "Жаңы курулуп жаткан мектептерди жылытуунун эки системине тең (көмүр жана электр энергиясы менен) өткөрүү жагы каралып жатат. Мындан жылытуу мезгилиндеги кыйынчылыктардан мектептердин оңой чыгышына мүмкүндүк түзүлөт",- деп билдирет министрлик.