Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков 23-январда Бириккен Улуттар Уюмунун "Дүйнөлүк азык-түлүк" программасынын директору Рам Сараванамутту менен жолугушту. Тараптар балдардын тамак-ашын жакшыртууга, айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган БУУнун Кыргызстандагы программаларын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Сараванамутту: "Биздин башкы максатыбыз – аймактарда жашаган адамдарга экономикалык жана климаттык кыйынчылыктарга туруштук берүү жаатында жардам берүү",- деп билдирди. Турсунбеков балдардын тамак-ашын жакшыртуу жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу айрыкча өлкө аймактарында саламаттыгы чыӊ жаӊы муун өкүлдөрүнүн өсүп-жетилишине түрткү берерин айтты. "Акыркы жылдары ички миграция агымы күч алып, көптөгөн адамдар Бишкек менен Ош шаарларына көчүп келип жатканын, алардын арасында тамак-аштын тартыштыгынан жабыркаган балдар көп экенин эстен чыгарууга болбойт. Эгер бул долбоорлор ишке ашырылса, чоӊ жетишкендик болор эле",- дейт депутат.
Фракция лидери айыл чарба тармагына түшүмдүүлүктү арттырып, тобокелчиликтерге жол бербей турган заманбап технологияларды алып келүү зарылдыгын белгиледи.