Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 26-январда "Министр байланышта" акциясына катышат. Өкмөттөн билдиришкендей, вице-премьер жарандык коомдун өкүлдөрү жана журналисттер менен жолугушуп, күч тармагындагы министрлик, мекемелердин 2014-жылкы иштери жана 2015-жылкы пландары тууралуу маалымат берет. Өкмөт үйүндө маалымат жыйын бергенден кийин Маматалиев кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрүү пунктуна, Молдовановкадагы түзөтүү колониясына, №11-шаардык милиция бөлүмүнө жана ИИМдин алдындагы жашы жете элек балдарды адаптациялоо борборуна барат.