Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 23-январда министрлик жана мекемелердин башчылары менен консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча кызматташуу тууралуу Эл аралык каржы корпорациясы менен болгон макулдашууну кароо үчүн жыйын өткөрдү.
Өкмөт башчы энергетика тармагындагы мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорлорду ишке ашыруу маселеси көптөн бери талкууланып жатканын, бирок бир да долбоор ишке ашырылбаганын айтты. Эл аралык каржы корпорациясы каржылык консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча долбоорун ишке ашырууга 1,6 миллион доллар бөлүүнү сунуштап жатканы айтылды. "Долбоордун башкы максаты - электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын аткаруу органынын иши үчүн компетенттүү жеке оператор тартуу. Ал өзүнүн менеджментин орнотот, башкаруу схемасын иштеп чыгат, иштин принцибин көрсөтөт. Башкача айтканда, анын милдети - корпоративдик башкарууну, электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын каржылык экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу",- деди Оторбаев.
Премьер энергетикалык компаниялардын түзүмүн тез арада оптимизациялоо зарылдыгын белгиледи.