Бишкек эркин экономикалык аймагы 2014-жылы 5 миллиард сомдук товар өндүрүп сатты

Бишкек эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) 2014-жылы 5 миллиард 290 миллион сомдук товар өндүрүп сатты. Муну бүгүн, 24-январда ЭЭАдагы 3 жаңы имараттын ачылышында Бишкек ЭЭАнын башкы директору Орозбек Нусувалиев билдирди. "2013-жылкыга салыштырмалуу өсүш 7,6 пайызды түздү. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен бюджетке 813 миллион сомдон ашуун каражат которулду, бул 2013-жылкыдан 151 миллион 147 100 сомго көп. ЭЭАда былтыр 18 жаңы субъект катталып иштей баштады. Учурда ЭЭАда 360 субъект катталган",- деди Нусувалиев.

Бишкек ЭЭАнын өндүрүш потенциалын өнүктүрүү үчүн былтыр 256 миллион сом жумшалганы айтылды.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан