Кыргызстандын Улуттук банкы 4,4 миллион доллар суммасында кезектеги интервенциясын жасады. Мекемеден 26-январда билдиришкендей, бул сомдун курсун кармоо боюнча 2015-жыл башталгандан берки төртүнчү аракет. Интервенциянын быйылкы жылдагы жалпы суммасы 60 миллион 470 миң доллар. Улуттук банк 2014-жылы сомдун курсун колдоого 500 миллион доллар жумшаганы айтылды. Интервенция доллардын курсун бир аз төмөндөтүүгө мүмкүндүк түзгөнү (сатып алуу 0,5 сомго, сатуу 0,18 сомго төмөндөгөн) маалымдалат.