Кыргызстанда 2014-жылы саясий мүнөздөгү 239 митинг өттү

Кыргызстанда 2014-жылы саясий мүнөздөгү 239, социалдык-экономикалык мүнөздөгү 249 митинг өттү. Бул тууралуу 26-январдагы маалымат жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. Вице-премьер былтыр митингдердин саны бир топ кыскарганын белгиледи. "2011-жылга салыштырмалуу митингдер 3 эсеге кыскарды. Бул элдин тартипти жана мыйзамдуулукту колдоп жатканын билдирет. Коомдук тартипти бузгандар жазаланышы керек. Митинг менен алектенген айрым жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышты",- деди Маматалиев. 
Айта кетсек, Кыргызстанда митингдердин азайышы жакшы көрсөткүч экенин буга чейин президент Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Жоомарт Оторбаев да билдирген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан