Жогорку Кеңештин комитети дыйкандардын насыя алуудагы көйгөйлөрүн чечүү боюнча өкмөткө тапшырма берди

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 26-январда дыйкандардын насыя алууга байланышкан көйгөйлөрү боюнча тургундардын кайрылуусун карап, чечим кабыл алды. Маалым болгондой, 2014-жылы өкмөттөн кредит алып эгин айдаган айрым жарандар дыйканчылык иштери жакшы болбой, карыздарын төлөй албай калышкан. "Карыздарын төлөй албай калгандардын иши сотко өтүп, соттошуп жатышат. Ошондуктан биз өткөн жылы кургакчылык болгонун эске алып, төлөө мөөнөтүн дагы бир-эки жылга жылдырып берели",- дейт депутат Эсенгул Исаков. Жыйында маселе боюнча чакырылган дыйкандардын пикири угулду. Депутаттар бул көйгөйдү чечүү үчүн өкмөткө тапшырма берди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан