Алмазбек Атамбаев Индия президентин Республика күнү менен куттуктады

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-январда Индиянын улуттук майрамы - Республика күнү менен аталган өлкөнүн президенти Пранаб Мукержини куттуктады. "Кыргызстан-Индия мамилелеринин жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын өнүгүү динамикасын белгилөө менен эки тараптуу өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө даяр экенибизди ырастайм",- деп айтылат куттуктоодо. 
Алмазбек Атамбаев Индиянын президентине ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгилик, Индиянын элине жыргалчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан