Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө алкагында Орусиянын Волоколамск шаарына (Москва облусу) мекендешибиз, Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелиги орнотулат. Муну бүгүн, 26-январда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Д.Шопоковдун эстелигин орнотуу боюнча элчиликтин кайрылуусу боюнча Волоколамск шаардык мэриясы 22-январда уруксат бергени айтылды. Эстелик шаардын "Октябрь" аянтындагы мемориалдык комплекстин аймагына, И.В.Панфилов жана Б.Момышулынын бюсттарынын жанына коюлмакчы.