Алмазбек Атамбаев алыскы Зардалы айылынын көйгөйлөрүн чечүү боюнча тийиштүү органдарга тапшырма берди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-январда "Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?" кыска метраждуу тасмасынын авторлорун кабыл алды. Жолугушууда президент тасманы жаратканы үчүн режиссёр Абдулалим Мамадалиевге, идеянын автору Молдосейит Мамбетакуновго жана режиссёр-монтажчы Ракыя Шаршеновага ыраазычылык билдирди.  

“Бул туулуп-өскөн айылды, мекенди сүйүү тууралуу жакшы фильм. Алыскы, тоолуу, чек арага канатташ айылда жашаган кыргызстандыктардын эмгекчилдиги жана кайратмандыгы жөнүндө. Дал ушул жарандарыбыз мамлекетибизди бекемдеп, мекенчилдиктин жана каармандыктын үлгүсүн көрсөтүшөт. Тасма алыскы тоолуу айылдын чече турган маселелери тууралуу кеп козгогону менен, позитивдүүлүккө жана жакшылыкка үндөп, көрөрмандарга дем берип турат”,- деди Атамбаев.

Мамлекет башчы бул сыяктуу фильмдерди жаратуунун маанисин белгиледи. “Авторлор элеттиктердин жакшы маанайын, алардын жакшылыкка умтулуусун таасын көрсөтө алышкан. Ал эми мамлекеттик органдарга мындай фильмдер жарандардын турмушун жакшыртуу, региондорду өнүктүрүү үчүн кайсы маселелерди чечүү керектигин жакшы түшүнүүгө түрткү берет”,- деди президент.

Өлкө башчы мамлекеттик программалардын алкагында Зардалы айылынын жашоочуларынын көйгөйлөрүн чечүүнү көзөмөлгө алуу, анын ичинде айылдын статусун аныктоо боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди. Президенттик фонддон Зардалы айылынын мектебине электр энергиясын иштеп чыгуучу жабдуу, компьютерлер, окуу куралдары, көркөм китептер менен камсыз кылуу үчүн көмөк көрсөтүлөрү айтылды.

Президент искусствонун кинематография сыяктуу маанилүү багытын өнүктүрүүнүн зарылчылыгын белгиледи. “Кыргызстанда тартылган кинофильмдер жаратмандыкка, билим берүүгө үндөп, руханий, адеп-ахлактык баалуулуктарды өнүктүрүп, элге үмүт тартуулоого тийиш. Маданиятка, анын ичинде киноискусствого маани бербеген мамлекеттин келечеги  болбойт”,- деди мамлекет башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан