Тармактык комитет жергиликтүү кеңештин депутаттарын атайын окуудан өткөрүү жөнүндө келишим долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 26-январда Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен Кыргызстандын ортосундагы гранттык келишимдин долбоорун карады. Макулдашууга ылайык, өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 1 миллион 500 миң доллар каражат бөлүүдө. Ал жергиликтүү кеңештин депутаттарынын каржылык билимин өстүрүү үчүн окутууга жумшалат. Жыйын жүрүшүндө комитет төрагасы Курманбек Дыйканбаев жергиликтүү кеңештин депутаттарынын деңгээли өтө төмөн экенине токтолду. “Бул гранттык макулдашуу бизге керек. Анткени депутаттарды сөзсүз окутуп, билим деңгээлин көтөрбөсөк болбойт. Көпчүлүгү жергиликтүү бюджет жана финансы маселелери боюнча түшүнүшпөйт”,- деди Дыйканбаев. Жыйынтыгында депутаттар макулдашуу долбоорун 1-окууда колдоп беришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан