Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети жана Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети 27-январда башкы прокурорлукка сунушталган Индира Жолдубаеванын талапкерлигин карайт. Аны комитет мүчөлөрүнө президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев тааныштырмакчы. Жолдубаева эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип, өзүнүн иш пландары тууралуу айтып берет. Буга чейин анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин үч фракциясы карап, макулдук берген болчу.