Чет өлкөдө жашаган Кыргызстандын мурдагы жарандарын Кыргызстанга келгенде арзан дарылоо сунушталууда

Чет өлкөдө жашаган Кыргызстандын мурдагы жарандарын Кыргызстанга келгенде арзан дарылоо сунушталууда. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 27-январдагы жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева көтөрүп чыкты. 

Анын айтымында, көпчүлүк кыргыздар чет өлкөнүн жарандыгын алышканы менен, Кыргызстанга салык төлөп келишет. 

“Дарылануу Орусияда кымбат болгондуктан, мекендештерибиз бул жакка келип дарыланып кетип жатышат. Ошентсе да биз аларды чет өлкөнүн жараны катары кымбат дарылайбыз. Ал башка жакта жашаса да, биринчи кезекте кыргыз, мүлктөрүнүн баары бул жакта, салык төлөйт. Ушул нерсени эске алып, биз аларды арзан дарылашыбыз керек. Бул багыттагы мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү карап чыгышыбыз керек”,- деди Кадыралиева. Депутаттын сунушун карап чыгуу боюнча Социалдык фондго бир ай мөөнөт берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан