Алмазбек Атамбаев Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 27-январында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөгө иш сапары менен келген Монголия Республикасынын Президенти Цахиагийн Элбэгдорж менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташуунун маселелери талкууланды. Президент Алмазбек Атамбаев менен президент Цахиагийн Элбэгдорж өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду мындан ары активдештирүү, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарыл экендигин белгилешти.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан