Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЮНИСЕФ менен биргеликте “Мен зомбулукка каршымын!” аттуу балдарга карата зомбулук көрсөтүүнүн жана катаал мамилелердин алдын алуу боюнча маалыматтык кампанияны баштоодо. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 27-январда билдирди.
"Аталган маалыматтык кампания балдарга карата зомбулук көрсөтүү окуяларынын көбөйүшүнө карата жооп катары саналат. КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин өткөн жылдын 9 айы үчүн маалыматына ылайык, республикада жалпысынан 92 зомбулук катталган, анын 42 пайызы балдарга карата жасалган",- деп айтылат маалыматта.
2014-жылы ЮНИСЕФ Улуттук статистикалык комитет менен биргеликте иликтөө жүргүзүп, 1 жаштан 14 жашка чейинки балдардын 57 пайыздан ашууну ата-энелер тараптан психологиялык агрессияга жана физикалык жазалоого дуушар болорун аныктаган.
Маалыматтык кампания алкагында төмөнкүлөр даярдалат:
• социалдык жарнама (постерлер, инфографика);
• 3-5 жашар балдар үчүн 5 сериялык анимациялык программалар, аларды көргөндөн кийин балдар зомбулуктун курмандыгы болгон учурда аткарууга зарыл болгон негизги аракеттерди атай алышат;
• балдар жана мугалимдер үчүн балдарга карата зомбулуктун негизги белгилери жана тийиштүү аракеттер тууралуу үйрөтүүчү 10 мүнөттүк окутуучу тасмалар;
• стрит-арт;
• интерактивдүү инсталляция;
• ТВ берүүлөрдү, атайын репортаждарды тартуу;
• жетекчилердин жана эксперттердин ТВ жана радиоберүүлөргө катышуусу;
• басма ММКларда интервьюлардын сериясы.
Маалыматтык кампаниянын жыйынтыгында коомчулук (балдар) эгерде адам зомбулуктун курмандыгы же күбөсү болсо, же кооптонууну сезсе эмне иш кылуу керектигин, ал эми ата-эне, мугалимдер жана коомчулук үй-бүлөдөгү зомбулуксуз ыкмалар тууралуу маалымат ала алышат.
Маалыматтык кампания Улуу Британия элчилигинин каржылык колдоосу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ЮНИСЕФ тарабынан ишке ашырылат.