Мыктыбек Абдылдаев башкы прокурорлукка талапкер Индира Жолдубаеваны эмоцияга алдырбоого чакырды

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети 27-январдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев: "Башкы прокурор эмоцияга алдырбашы керек, анткени бул Кыргызстанга оор сокку",- деп билдирди.
Депутат мурдагы прокурор Аида Салянова эмоцияга алдырып койгонун мисалга алып: “Салянова кызматтан түшүнүксүз кетип калды, жолукканда кетишине эмне себеп болгонун сурайын деп жүрөм. Эмоцияга алдырып койду, жооп берип эле кетсе болмок. Мүмкүн, бир нерсе болгондур. Прокурорлукка талапкер адам эмоцияга алдырбашы керек, мен башкаларга да ушуну каалайм",- деди Абдылдаев. 
Президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев Аида Салянова эс алууда жүргөнүн айтып: "Биз ал киши менен байланышып, сүйлөшүп жатабыз. Азыр эс алууда жүрүптүр",- деди. Комитет бүгүн башкы прокурорлукка Индира Жолдубаеванын талапкерлигин карады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан