Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 27-январдагы жыйынында аскер кызматкерлерин милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун 2-окууда карап, жактырды.
Аталган мыйзамдын 3-беренесинин экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган камсыздандыруу учурлары келип чыкканда, эгерде аскер кызматкерлери каза болуп же майып болуп калса, бир жылдын ичинде камсыздандыруу белгиленген.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, ал адам курман болгонго чейин бир нече ирет камсыздандырылган болсо, анда ал үчүн бир камсыздандыруу каражаты гана төлөнүп берилет. Мисалы, аскердик милдетин өтөөдө майып болуп калса, 1 миллион сомго чейин акы төлөнөт. Эгерде майып болуп, бир жылга жетпей каза болуп калса, 300 миң сомго чейин каражат бөлүнөт.