Жогорку Кеңештин дагы бир комитети Индира Жолдубаеванын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети 27-январда президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурорлукка сунуштаган Индира Жолдубаеванын талапкерлигин талкуулады.  

Талапкерди комитет мүчөлөрүнө президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев тааныштырды. Жолдубаеванын өмүр жолуна жана иш тажрыйбасына токтолуп, ал азыр Жогорку Кеңештин кароосуна келип түшкөн соттук-укуктук реформаларды ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорлорунун топтому анын жетекчилиги менен даярдалганын баса белгиледи.

Жыйынтыгында комитет Индира Жолдубаеванын талапкерлигин жактырып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан