Жоомарт Оторбаев: “Коомдун колдоосу жок, балдарга карата зордук-зомбулукту жеңе албайбыз”

“Коомдун колдоосу жок, балдарга карата зордук-зомбулукту жеңе албайбыз”,- деди премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Муну ал бүгүн, 27-январда аталган маселеге арналган жыйында айтты.

Ал зомбулуктун алдын алууда массалык маалымат каражаттарынын ролу жогору экенин белгилеп: “Балдарга карата укук бузуулар боюнча атайын программа түзүү керек. Түшүнүктүү видеолорду тартып, телеберүүлөрдөн чыгарса болот. Бул темага арналган дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу керек. Жалпы көзөмөлдөөсүз балдарга карата зордук-зомбулукту жоюуга алыбыз жетпейт”,- деди.

Мындан тышкары ал бул багытта иш алып барган бейөкмөт уюмдарга ыраазычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан