Кыргызстандын Салык кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 11-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу 27-январда президенттик аппараттан билдиришти. 

Мыйзамдын максаты турак жай курулуштарын жүзөгө ашырган жана курорт-ден соолук тармагында кызмат көрсөткөн чарба субъекттеринен салык алуунун системин оптималдаштыруу жана салык башкарууну жакшыртуу болуп саналат.

Мыйзам төмөндөгү маселелерди чечүүгө багытталган:

- субъекттердин жеке жоопкерчилигин жогорулатууга;

- салык алуудан качуунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жоюуга;

- мамлекеттик бюджетке кирешелерди көбөйтүүгө;

- курулуш уюмдары менен фискалдуу органдардын ортосундагы болгон карама-каршылыктарды чечүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан