Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясы 27-январда кезексиз жыйынга чогулуп, президент Алмазбек Атамбаевдин башкы прокурор кызматына Индира Жолдубаеванын талапкерлигин кароо боюнча сунушун карап, макулдук берди. Эми 28-январда Жолдубаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмакчы. Талапкерлиги жактырылса, аны кызматка бекитүүгө президент кол коёт. Жолдубаеванын талапкерлигине депутаттардын үчтөн экисинин макулдугу керек.