2015-жылга милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын болжолдуу көрсөткүчү 259,9 миллион сом өлчөмүндө белгиленген. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2014-жылы милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын түшүүсү 247 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы 27-январда билдирди.
Маалыматка караганда, милдеттүү патенттин негизиндеги салык атайын салык режиминин түрлөрүнүн бири болуп саналат жана салык органынан милдеттүү патентти алып жатканда уюм же жеке ишкер тарабынан төлөнөт. Салыктын бул түрү толугу менен жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.