Вице-премьер-министр Валерий Диль 27-январда өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы Болсунбек Казаковду кабыл алып, тараптар Электрондук аянтча системин киргизүүнү талкуулашты. Жаңы технологиялардын алкагында аталган систем ишке киргизилсе, "кагаз тендерлери" электрондук аукциондорго алмашмакчы. "Болжолдуу маалыматтар боюнча, мамлекеттик органдар жана аларга баш ийген түзүмдөр сатып алууларга 20 миллиард сом коротот. Орусияда электрондук аянтча иштеп баштаган акыркы 5 жылда 1 триллион 68 миллиард рубль үнөмдөлгөн",- деди Казаков.
Агенттик башчысы электрондук систем менен тендерлерди ачык өткөрүүгө, коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады.
Валерий Диль: "Биз тендер өткөрүүлөрдө жана мамлекеттик сатып алууларда адамдык фактордон качышыбыз керек. Мунун бирден-бир жолу - электрондук аянтча жана санариптик технологияга өтүү",- деди.
Аталган системди ишке киргизүү планын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүгө тапшырма берилгенин өкмөттөн билдиришти.