Ош, Баткен, Исфана аэропортторун жаңылоого керектүү акча табылбай жатат

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети 27-январда комитет тарабынан 2014-жылы кабыл алынган чечимдердин аткарылышы тууралуу маалымат укту. Тийиштүү министрлик жана мекемелердин: Транспорт жана коммуникация министрлиги, Каржы министрлиги, "Манас" аэропортунун башчылары депутаттарга маалымат беришип, суроолорго жооп беришти. Ош, Баткен, Исфана аэропортторун жаңылоо чечимдери, тактап айтканда, аларды жаңылоого керектүү каржы булактары табылбай жатканын айтышты депутаттар. 
Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын Жарандык авиациясын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыкпай жатканы айтылды. Комитет мүчөлөрү чечимдерди аткартуу үчүн өкмөткө бир катар тапшырмаларды беришти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан