Бүгүн вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Ысык-Көлдөгү социалдык-маданий мекемелердин абалы менен таанышат

Бүгүн, 28-январда социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеванын Ысык-Көл облусу боюнча 2 күндүк жумушчу иш сапары башталат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Ниязалиева социалдык-маданий мекемелердин абалы менен таанышып чыгат. Мындан тышкары ал өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясына катышат. Бул иш-чарада 2014-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жана 2015-жылга пландар талкууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан