"Стратегиялык пландоонун мамлекеттик системи жөнүндө" мыйзам долбоорун өкмөт жактырды

"Кыргызстанда стратегиялык пландоонун мамлекеттик системи жөнүндө" мыйзам долбоорун өкмөт жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди. 
Мыйзам долбоору стратегиялык пландоонун бирдиктүү системин түзүүгө багытталган, тактап айтканда, тармактык документ стратегиялык пландоонун документи мамлекеттин кыска, орто жана узак мөөнөттүү негизги стратегиялык курсуна шайкеш келиши шарт. "Мыйзамдын алкагында стратегиялык документтерди баалоо форматтары жана критерийлери киргизилип жатат. Анын ичинде экспертиза, документтеги милдеттерди ишке ашырууга керектүү убакытты жана каржы булактарын көрсөтүү милдети бар",- деп билдирет министрлик. 
Мыйзам долбоорун Экономика министрлиги иштеп чыккан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан