Нариман Түлеевдин ордуна депутат болуп Таалайбек Ибраев бекитилди
Парламенттин мурдагы депутаты Нариман Түлеевдин ордуна "Ата Журт" фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп Таалайбек Ибраев бекитилди. Жаңы депутат бүгүн, 28-январда парламентте ант берди. Төрага Асылбек Жээнбеков ант берүү менен өз ыйгарым укуктарын расмий аткарууга киришкен Таалайбек Ибраевди жалпы депутаттардын атынан куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Нариман Түлеевдин депутаттык ыйгарым укуктары жакында мөөнөтүнөн мурда токтотулган.