Жогорку Кеңеш бүгүн, 28-январда президент
Алмазбек Атамбаевдин башкы прокурор кызматына
Индира Жолдубаеванын талапкерлигин кароо сунушун карап жатат.
Жыйында президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Жолдубаеванын кызматтагы туугандарын атады.
"Конституциялык Соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова таежеси болсо, Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Аалы Карашев жездеси болот. Бирок туугандары анын таза кызмат кылуусуна терс таасир бербейт",- деди Нарымбаев. Талапкерге суроо берүү уланууда.