Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 27-январда Германия Федеративдүү Республикасынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жолугушуу калаадагы Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборуна күн батареясын орнотуу боюнча сыноо долбоорун иштетүүнүн алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын Кыргыз Республикасындагы Германиянын элчилиги менен биргелешкен иш алып баруусунун жыйынтыгы болду.
Жолугушууга Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары Андрес Лундгрен, “ДЕНА” германиялык энергетикалык агенттигинин жетекчиси Габриэле Айхнер, "R.I.D. GmbH" компаниясынын коммерциялык директору Вальдемар Редер, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун директору Алексей Петрушевский, "R.I.D. GmbH" компаниясынын директору Александр Николенко жана мэриянын кызматкерлери катышты. Ошондой эле энергия үнөмдөөчү жана Бишкек шаарынын социалдык мекемелери үчүн альтернативалык энергия булактарын орнотуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.