Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 28-январда билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган. Мыйзамдын максаты - укук бузуулардын алдын алуу боюнча коомдук борборлордун макамын аныктоо жана укук бузуулардын алдын алуудагы алардын укуктарын белгилөө. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.