Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик бош кызмат орундарына сынак жарыялады. Аталган мекемеден 28-январда билдиришкендей, төмөнкү бош кызмат орундарына адистер керек:
Инвестиция жана тышкы байланыш бөлүмү - башкы адис;
Адамдык ресурстарды башкаруу сектору - жетектөөчү адис;
Кен пайдаланууну лицензиялоо башкармалыгы - адис;
Өндүрүш коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгы - адис;
Каржы жана экономика башкармалыгы - Экономика жана анализ бөлүмүнүн адиси.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер көрсөтүлүшү керек:
- Кызмат ордун көрсөткөн жеке арыз;
- Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен);
- Өмүр баян;
- Резюме;
- Соттолбогону тууралуу маалым кат;
- 3х4 өлчөмүндө 4 даана сүрөт (кызыл фондо);
- Паспортунун көчүрмөсү;
- Диплом, эмгек китепчеси.
Документтер 2015-жылдын 9-февралына чейин берилиши керек. Дареги: Эркиндик кең көчөсү-2, 218-бөлмө.