Бүгүнкү коомдун өнүгүшүндө айымдардын орду чоң экенин баса белгилеген Жогорку Кеңештин депутаттары кесиптештерин жергиликтүү маселелерди чечүүдө жигердүү иш алып барууга чакырышты. Ошондой эле жолугушууда социалдык көйгөйлөр да айтылды. Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылындагы төрөт үйүн жаап салгандан бери Кант шаарындагы төрөтканада орун жетишсиз экени, "Баатыр эне" наамын алуу үчүн тиешелүү документтерди даярдоодо энелер бир топ кыйынчылыктарга кабылып жатканы ортого салынды.
Жыйындын катышуучулары ата-энелерди балдарын караганга милдеттендирген мыйзам керектигин жана дин маселесине көңүл бурбаса, жаштар ар кандай диндерге азгырылып жатканын айтышты.