Бөдөш Мамырова: "Прокуратураны азыр классташтар, курсташтар ээлеп алышкан"

"Кыргызстанда прокуратура органдарын жалаң классташтар менен курсташтар ээлеп алышкан",- деп билдирди депутат Бөдөш Мамырова парламенттин 28-январдагы жыйынында. Депутат прокуратура органын тазалоону райондук деңгээлден башташ керек деп эсептейт. Мамырова башкы прокурорлукка талапкер Индира Жолдубаевага кайрылып, мыйзамдын сызыгынан чыкпоону сунуштады. "Мыйзамдын тили менен сүйлөп, мыйзамдын тили менен иш жүргүзүңүз. Президенттик аппараттын башчысы сизди "ар бир чечимди кабыл аларда терең ойлонот" деп сыпаттады. Бизге ушундай башкы прокурор керек болуп турат. Ишти жергиликтүү прокуратура органдарынан баштасаңыз..."- деди депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан