Мыктыбек Абдылдаев кызматка киришүүдө башкы прокурордун кимге ант берери мыйзамда каралбаганын айтты

"Башкы прокурордун кимге, кандай тартипте ант берери мыйзамда жазылган эмес",- деп билдирди депутат Мыктыбек Абдылдаев 28-январда парламентте. Мындай пикир башкы прокурорлукка Индира Жолдубаеванын талапкерлиги талкууланып жатканда айтылды. Депутат башкы прокурордун антын президент Алмазбек Атамбаев өзү кабыл алышы керектигин айтты. "Мыйзамда прокурордун ант берүүсү каралбаптыр. Ошондуктан анын ант берүүсү маселе жаратып жатат. Парламентте ант бере албайт. Ошондуктан президент өзү аны прокуратуранын жамааты менен тааныштырып, андан кийин антын кабыл алышы керек",- деди Абдылдаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан