Мамлекеттик ишмер Бекмамат Осмоновго Ак-Шумкар орденин берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин 28-январдагы жыйынында коомдук ишмер Бекмамат Осмоновго Ак-Шумкар орденин берүү маселеси көтөрүлдү. "Ал киши тирүү болгондо быйыл 70 жашка чыкмак. Учурда Жалал-Абад облусунун тургундары анын 70 жылдыгын белгилөөдө. Бирок мамлекеттик деңгээлде маани берилбей жатат. Ага Ак-Шумкар орденин берели, колдоп койгула",- деди депутат Малик Осмонов
Эскерте кетсек, Бекмамат Осмонов Жогорку Кеңештин 2 чакырылыштагы, мунун ичинде легендарлуу парламенттин депутаты болгон, 1991-жылы Жалал-Абад облусунун губернатору болуп шайланган. Осмоновдун жетекчилигинин алдында Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгы, Жоомарт Бөкөнбаевдин 80 жылдыгы өткөрүлгөн. 
Бекмамат Осмонов 1997-жылы 28-октябрда дүйнөдөн кайткан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан