Жогорку Кеңеш бүгүн депутат Нурлан Төрөбековду кол тийбестиктен ажыратуу маселесин карайт

Жогорку Кеңеш 28-январдагы жыйынында депутат Нурлан Төрөбековду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча прокуратуранын сунушун карайт. Депутаттар Төрөбеков ооруп, дарыланып жаткандыктан, маселе 5-6 жолу артка кайтарылып келгенин айтып, бүгүнкү жыйында карап, жыйынтык чыгарып коюуну суранышты. "Депутат өзү бүгүн жыйында отурат. Бүгүн прокуратуранын сунушун жана эл өкүлүнүн ишин иликтеген депутаттык топтун корутундусун карап чыгалы",- дешти. Маселе бүгүн каралат. 
Айта кетсек, Нурлан Төрөбеков жасалма дипломду пайдаланып жүргөнү үчүн айыпталууда. Тактап айтканда, депутатка карата “алдамчылык” жана “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Фактыны иликтеген депутаттык комиссиянын айрым өкүлдөрү депутаттын жасалма диплом менен жүргөнү аныкталганын жакында жарыялашкан эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан