Көчөлөргө видеокамераларды орноткон компаниянын чыгымы айдоочулардын айып пулдарынын эсебинен төлөнөт

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында көчөлөргө видеокамераларды орноткон компаниянын чыгымы айдоочулардын айып пулдарынын эсебинен төлөнөт. Тийиштүү мыйзам долбоору парламентте 28-январда үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди. 

Өкмөттүн маалыматына караганда, аталган ишти жасаган компанияларды жол эрежесин бузган айдоочулардын айып пулдарынан бюджетке түшкөн акчанын эсебинен 50х50 пайыздык каржылоо сунушталууда. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов “Коопсуз шаар” долбоору боюнча утуп чыккан компания түз инвестиция катары Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын көчөлөрүнө видеокөзөмөл жабдууларын орнотуп, 10 жылга чейин өзү тейлейт. Андан соң толугу менен Кыргызстанга өткөрүп берүүгө тийиш. 10 жыл ичинде компания жолдо жүрүү айыбынан түшкөн каражаттын эсебинен өз чыгымдарын чыгарып алууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан