Жогорку Кеңеште 28-январда “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Өкмөттүн маалыматына караганда, мыйзам долбоорунда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө реформалар жүргүзүлүп жатканына байланыштуу, мурда Ички иштер министрлигине карап келген ички аскер бөлүгүн, анын түзүмдөрү менен милдеттерин Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүп берүү камтылган. Ошону менен бирге ал Улуттук гвардиянын курамында Куралдуу күчтөрдүн түзүмдүк бөлүктөрүнүн бири болуп калат.
Андан сырткары ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мыйзам долбоорундагы айрым аталмалардын кыргызча-орусча которулушу өз ара шайкеш келтирилүүдө. Мисалы, расмий тилдеги вариантындагы "критическая ситуация" деген сөз мамлекеттик тилде "өзгөчө кырдаал" деп туура эмес которулуп калган.