Кыргызстанда чылымдын баасынын кымбатташы күтүлүүдө

Кыргызстанда чылым чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси кеңейтилет. Муну депутат Дастан Бекешев бүгүн, 28-январдагы "Парламент" радиосуна берген маегинде айтты. "Азыркы Салык кодекси боюнча, чыпкалуу тамекилердин 1000 даанасы үчүн 450 сом акциз салыгы алынса, чыпкасыз тамекилердин 1000 даанасына 32 сом гана каралган. Бул өтө эле аздык кылат. Мисалы, Казакстанда чыпкалуу да, чыпкасыз да тамекилерден алынуучу акциз салыгы кыргыз сомуна которгондо 1900 сомду түзөт. Бажы биримдигинин алкагында иш алып бара турган ушул жылдын 1-майынан тартып тамекилерге болгон акциз салыгын жогорулатпасак, алар Казакстан сыяктуу коңшу өлкөлөргө аткезчилик жол менен кете башташы ыктымал. Ошон үчүн андай абалга шарт түзбөө максатында акциз салыктарын чылымдардын чыпкалуу да, чыпкасыз да түрлөрүнө көбөйтүшүбүз керек",- деди Бекешев. 

Андан сырткары акциз салыгы жогорулаганда азыркы 17 сомдон сатылып жаткан чыпкасыз тамекинин баасы 20 сомго, чыпкалуу чылымдардын наркы 27 сомго чыга турганын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан