"Өкмөт айылдарды мугалим жана дарыгерлер менен камсыздоого бардык күчүн жумшайт, бул маселени этап-этабы менен чечүүнү баштайбыз",- деди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 28-январда Тоң районунун Кара-Талаа айылындагы оорукананын жамааты менен жолугушууда. Быйыл медициналык окуу жайларды бүткөндөр милдеттүү түрдө аймактарга жөнөтүлө турганын кошумчалады вице-премьер. Ниязалиева Бар-Булак айылындагы бала бакчада болуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Бала бакчаларды республикалык бюджеттен каржылоону өкмөттүк деңгээлде карап көрүүнү сунушташты.
"Акыркы жылдары мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 94 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды. Алардын айрымдары азыр иштеп жатат. Бардык тарбиячыларды жана алардын жардамчыларын маяна менен камсыздоо үчүн 284 миллион сом керек. Кыйынчылыктарга карабай, бала бакчалардын имаратын кайтарып алуу иштери уланат. Өлкөдөгү ар бир баланын бала бакчага барууга мүмкүнчүлүгү болушу керек",- деди Ниязалиева.