Парламент баңгизаттарды көзөмөлдөө органдарынын укуктарын күчөтүүчү мыйзам долбоорун 2-окууда карады

Кыргызстанда баңгизаттарды көзөмөлдөө органдарынын укуктарын жогорулатуу сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 28-январда 2-окууда талкуулап, добуш берүүгө жиберди. Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча кызматтын директору Алымбай Султановдун айтымында, долбоор аркылуу жарандардын администрациялык укук бузгандыгы жана кылмыш жасагандыгына шектенүүгө жетиштүү далилдер болсо, жарандардын жеке өздөрүн кароону, алардын буюмдарын, кол жүктөрүн, автоунаасын кароону, протоколдорду түзүүнү, буюм заттарын, каражаттарын жана документтерин алууну жүзөгө ашырууга баңгизаттарды көзөмөлдөө органынын кызматкерлерине мүмкүндүк берүү жагы каралган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан