Кыргызстандагы авариялык абалдагы 16 мектептин ордуна жаңы мектептер курулат

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 27-январда мектептерди куруу планын Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен талкуулады. Жолугушууда билим берүү тармагы боюнча араб координациялык тобунун катышуусу менен күзгү жыйында жетишилген келишимдер дыкат талкууланганын билдирет министрликтин маалымат кызматы. Сариева авариялык абалдагы мектептердин ордуна жаңы мектептер куруларын белгиледи. Аталган фонддун колдоосу менен өлкөдө 16 мектеп курулмакчы, мунун бирөөсү Бишкек шаарына салынат. 
Кыргызстанда авариялык абалдагы 16 мектеп бар экени буга чейин маалымдалган эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан