Жогорку Кеңеш балдардын түнкү саат 10дон кийин көчөдө жалгыз жүрүүсүнө тыюу салганы жатат

Жогорку Кеңеш балдардын түнкү саат 10дон кийин көчөдө жана коомдук унааларда жалгыз жүрүүсүнө тыюу салганы жатат. Тийиштүү мыйзам долбоору парламенттин 28-январдагы жыйынында каралууда. Баяндама жасаган депутат Турсунбай Бакир уулу талапты бузгандарга 300-500 сом айып пул салынарын белгиледи. "Мисалы, балдар сабактарына жетишпей, түнкү саат 10дон кийин интернет-клубга барчу болсо, жанында сөзсүз бирөө болушу керек. Ата-энеси же өзүнөн улуу бир тууганы жанында жүрүшү керек. Эгер жашы жетпесе, интернет-клубдун ээси ичкериге киргизбеши керек",- деди Бакир уулу. 
Балдардын жалгыз жүрүүсүнө тыюу салынган жерлер: кафе, ресторан, түнкү клубдар, көлмө жээктери, көп кабаттуу үйлөрдүн короолору, коомдук автоунаалар жана башка коомдук жерлер. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан