Депутаттар кесиптеши Нурлан Төрөбековду мандаттан ажыратууга каршы болушууда

"Депутат Нурлан Төрөбеков Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишин өзүнө аябай жакын алып алыптыр, азыр абалы оор. Жакында эле операция жасалды",- деп билдирди депутат Эсенгул Исаков. Парламенттин 28-январдагы жыйынында депутат Нурлан Төрөбековду мандатынан ажыратууга макулдук берүү маселеси каралууда. "Ооган согушунун ардагерлерин бир канча жыл жетектеп келди. Өзүнүн үйү жок болсо да, өзүнө кайрылган адамдарга жардам берип жүрөт",- деди Э.Исаков. Депутат Кожобек Рыспаев 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнүн аякташына аз эле убакыт калганын айтып, прокуратураны депутатка аяр мамиле кылып коюуга чакырды. 
Айта кетсек, 24-сентябрда Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбеков "жогорку окуу жайын бүтүргөн" деген негизде жасалма диплом алган" деп айыпталып, кылмыш иши козголгон
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан