Баткенде 136 гектар жерди трансформациялоодо мыйзам бузуулар болгону аныкталды

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 28-январда Лейлек, Кадамжай, Ноокат жана Ала-Бука райондорундагы жерлерди трансформациялоо үчүн өкмөткө келип түшкөн документтерди текшерген комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү. 

Ведомство аралык комиссиянын жетекчиси Жоомартбек Жумабеков Кадамжай районундагы Бирлик, Халмион, Алга жана Масалиев айыл өкмөттөрүндөгү текшерүүдө жерлерди трансформациялоо боюнча мыйзамдар одоно түрдө бузулганы аныкталып, жерлерди которуу үчүн документтер мыйзам бузуулар менен даярдалганын маалымдады. Тактап айтканда, негизсиз себептер боюнча айыл чарба багытындагы жогорку түшүм берүүчү 136 гектар жерди трансформациялоо сунушталган. 

Сарпашев жерлерди трансформациялоого документтер кызматтык адамдардын жардамысыз даярдалышы мүмкүн эместигин айтат. 

"Буга байланыштуу материалдарды укук коргоо органдарына жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына тийиштүү текшерүүдөн өткөрүү үчүн тапшыруу зарыл. Келечекте жерлерди трансформациялоо үчүн түшкөн бардык документтер жеринде ведомство аралык комиссия тарабынан тыкыр иликтенет. Учурда жер тилкелерин тандоо критерийлери, анын катарында чектеш аймактардагы жерлерди бир категориядан экинчи категорияга өткөрүү үчүн талаптар иштелип чыгууда",- деди Сарпашев.

Маалыматка ылайык, башка райондордо жерлерди трансформациялоого тийиштүү укук бузуулар болгон эмес.

Айта кетсек, ведомство аралык комиссия премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин тапшырмасы менен 2014-жылдын 30-декабрында түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан