Таш-Көмүрдөгү темир эритүүчү заводдун биринчи меши 2015-жылдын орто ченинде иштеп баштайт. Маалыматты 28-январда аталган заводдун өкүлдөрү вице-премьер-министр Валерий Диль менен жолугушууда билдиришти. Кытайдан керектүү жабдуулар сатылып алынганы, ишканага быйыл 40 мегаватт кубаттуулук талап кылынары айтылды. Кийинки жылы өндүрүштүн күчөшү менен 125 мегаватт кубаттуулук керектелет.
Диль аталган завод өлкө үчүн маанилүү экенин, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында мыйзамдар бузулбашы керектигин белгиледи.
"Бул тоо-кен өндүрүш тармагы жана металлургия менен байланышкан өтө жогорку технологиялуу долбоор. Биздин экономика үчүн абдан маанилүү жана муну колдоого алабыз",- дейт вице-премьер.