Жогорку Кеңеш ИИМдин Ички аскерлер бөлүгүн Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүүгө багытталган мыйзамдын долбоорун 28-январда 3-окууда колдоду. Мыйзам долбоору Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө реформалар жүргүзүлүп жатканына байланыштуу, мурда Ички иштер министрлигинин ички аскер бөлүгүн Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүп берүүгө жол ачат. Андан сырткары ал Улуттук гвардиянын курамында Куралдуу күчтөрдүн түзүмдүк бөлүктөрүнүн бири болуп калат.
Ошондой эле ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мыйзам долбоорундагы айрым аталмалардын кыргызча-орусча которулушу өз ара шайкеш келтирилип жатканын айтты. Мисалы, расмий тилдеги вариантындагы "критическая ситуация" деген сөз мамлекеттик тилде "өзгөчө кырдаал" деп туура эмес которулуп калган.